Газдаштыруу Кара-Балтага жетти

Чүйдөгү ири шаарлардын бири — Кара-Балтанын тургундары жаңы жылды жаратылыш газы менен тосо турган болду.

8-декабрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарына жаратылыш газы берилип, 15 миңдей адам экологиялык таза отун менен камсыз болду.

Калаага жаратылыш газы келишине байланыштуу чакан салтанат уюштурулуп, ага Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов, “Газпром-Кыргызстандын” башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров жана “Чүйгаз” филиалынын директору Самат Базарбаевдер катышты.

Шаарыбыздын калкын бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Кара-Балта шаарындагы 6 участоктун биринчисине газ берип жатабыз. Кыргызстанда өзүбүздүн жаратылыш газыбыз жоктугуна карабай, жаңы райондор газдаштырылууда. 2018-жылдын апрель айына чейин 3100 абонент жаратылыш газына кошулмакчы. Бул альтернативалык жана экологиялык жактан таза отун болуп саналат, — деди куттуктоо сөзүндө Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров алгач бул иш башталганда газ келерине ишенбегендер болгонун эске салды:

— Биздин компаниянын атынан Кара-Балта шаарынын тургундарын куттуктайм. Акыркы үч жыл аралыгында республиканын калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Иштер жаңы башталып жатканда бардыгы ишенбестик менен карашкан. Бүгүн болсо Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калктуу конуштарына газ берилүүдө. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, биздин компаниянын жана подряддык ишкананын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Кара-Балта Чүй боорундагы ири өнөр жайлуу шаар болгонуна жана ордо калаа Бишкекке жакын турганына карабай Союз маалында деле жаратылыш газына кошулган эмес.

Ошондо келбеген табигый газга эми жетип отурган шаар тургундарынын кубанычында чек жок:

— Азырга чейин биз газ баллондорун колдонуп келгенбиз. Бул көп ыңгайсыздыктарды жаратчу: көп орунду ээлеп, аны толтурууга көп убакыт сарпталчу. Эми үч күндөн бери жаратылыш газын колдонуп жатабыз, абдан ыңгайлуу экен. “Газпром Кыргызстан” компаниясына чоң рахмат, ушинтип бизге жаңы жылга карата белек тартуулаганына, — деп сүйүнүчү менен шаар тургуну Т. Лосева бөлүштү.

Газ өткөргүчтөрдү куруу жана газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасынын жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашты. Жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы 89 млн. сомду түздү.

Шаарды жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп, ишке берилди. Жумуштар күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен ишке ашып, атайын норма жана стандарттардын баардык талаптарына жооп берет.

Маалымат:

2016-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча жалпысынан газ өткөргүчүнүн узундугу 50 чакырымды түзгөн 10 калктуу конушту газдаштырды. Ал эми 2017-жылдын аягына чейин Чүй, Ош облустары жана Бишкек шаары боюнча 13 калктуу конушта жалпы узундугу 350 чакырымды түзгөн газ өткөргүчүн жана газ бөлүштүргүч пункттарын куруп бүтүрүү иштери пландалууда. Бүгүнкү күндө өлкөнүн 26% жаратылыш газы менен камсыз болгон. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы — Кыргыз Республикасын газдаштырууну 2030-жылга чейин азыркы 26 пайыздан 60 пайызга чыгаруу.

Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: «Кабар24» маалымат-аналитикалык агенттиги