Бишкектин «Көлмө» конушунун үч миңге чукул жашоочусу газ менен камсыздалды

Бишкек шаарындагы «Көлмө» жаңы конушуна бүгүн, 31-январда, жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, аталган конушта 3000 миңге жакын тургун жашайт. Мындай иштер Кыргызстандын газдаштыруу схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» ишканасынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашкан.


«Конушту жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп ишке берилди. Газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн жалпы узундугу 12 чакырымды түзүп, аткарылган иштердин жалпы чыгымы 33 миллион сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле газдаштыруу системасы атайын норма жана стандарттардын бардык талаптарына жооп берери белгиленген.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн 26 пайызы жаратылыш газы менен камсыз болгон. Бул көрсөткүчтү 2030-жылга чейин 60 пайызга жеткирүү «Газпром Кыргызстан» ишканасынын стратегиялык тапшырмасы болуп эсептелет.




Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: Информационное агентство «Спутник»