Көгүлтүр от Көлмөгө жетти

31-январда аталган конушка жаратылыш газын берүүгө арналган салтанатка Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Токтосун Султанов, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров жана “Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачевалар катышты.


— Көлмө конушунун тургундарын бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. “Кыргызгазды” 1 долларга сатып жатканда көп сөздөр болду эле. Ошого карабай бүгүнкү күнү көптөгөн жаңы конуштар газдаштырылып жатат. Азырга чейин Биринчи май району боюнча 8 конуш газдаштырылды. 2018-2019-жылдары дагы 4 конуш газдаштырылмакчы. Мен ишенем, ар бир үйгө жаратылыш газы жетет”, — деп билдирди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Токтосун Султанов.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров жаңы конуштун жашоочуларын куттуктап жатып, башында көптөгөн жашоочулар алардын конушуна жаратылыш газы келээрине ишенбегенин эскере кетти:

Бүгүн биз сиздердин конушка газ берип жатабыз. 2017-жылдан бери Бишкек шаары боюнча жалпы узундугу 350 чакырымды түзгөн газ өткөргүчтөрү курулду. 2018-жылы 200 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулмакчы. Бул багытта биз масштабдуу иштерди жүргүзүп жатабыз.

“Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачева калктуу конуштун тургундарып куттуктап:

— “Газпром Кыргызстан” компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында Бишкек шаарынын көптөгөн конуштары газдаштырылды. Бүгүн болсо сиздердин аймакка газ келип отурат. Газ — бул таза, колдонууга жеңил отундун бири. “Газпром Кыргызстан” ишканасынын, курулуш ишканасынын жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем, — деп кошумчалай кетти.

— Биздин айылда бүгүн чоң майрам. Ушул күндү биз көпкө күткөнбүз. Башында, чынында биз ишенген эмеспиз газ келээрине. Бир жыл ичинде көп иштер жасалып, газ берилип отурат. Буга чейин баллондогу газды колдонуп келгенбиз. Баарыбыз билебиз, ал ыңгайсыз жана үнөмсүз болчу, — деп билдирди №14 ЖАБдын башчысы Каныбек Калиев.


Газ өткөргүчтөрдү куруу жана газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасынын жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашты. Жалпы узундугу 12 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы 33 млн. сомду түздү.

Аталган конушту жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп, ишке берилди. Жумуштар күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен ишке ашып, атайын норма жана стандарттардын баардык талаптарына жооп берет.

Маалымат:

2017-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан 2017-жылдагы инвестициялык программасы толугу менен аткарылды:
  • 350 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулуп, 20 000 турак-жайды камтыган 100 000 абонент газга кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Жаратылыш газы 15 калктуу конушка берилди. Экологиялык таза отунга Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын бир канча конуштарынын жашоочулары кошулду.
  • Маанилүү болгон “Бухара газ району — Ташкент — Бишкек — Алматы” магистралдык газ өткөргүчү курулуп, ишке берилди.
  • Жаңы газ бөлүштүрүүчү “Сокулук” станциясы салынып, ишке берилди.
  • Чүйдүн Ленин айылындагы автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясы реконструкциядан өткөрүлдү.
  • Стратегиялык маанидеги объекттер курулуп бүткөрүлдү: борбордук аппараттын жаңы кеңсеси, окутуу-өндүрүштүк борбору, Токмок шаарындагы өндүрүштүк участогунун кеңсеси.
  • Дагы бир маанилүү объект: Казакстанга транспорттолуучу газды эсепке алуучу “Чүй” эсептегич түйүнү.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн 26% жаратылыш газы менен камсыз болгон. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы — Кыргыз Республикасын газдаштырууну 2030-жылга чейин азыркы 26 пайыздан 60 пайызга чыгаруу.

Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: Информационное агентство «Кабар24»