«Газпром Кыргызстан» — ишенимдүү өнөктөш

Кыргызстандын борборунда жылытуу сезонуна карата маанилүү болгон жылуулук, суу жана газ өтүүчү тармактарды текшерүү жана оңдоо иштери аягына чыкты. Социалдык мааниге ээ болгон маселелерди чечүү иштерине мамлекеттин газ ишканасы дагы тартылды.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы ишканаларды жана жарандарды жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча негизги милдетин аткарып келе жатат. Газ ишканасынын ишмердүүлүгүнөн өлкөнүн социалдык объектилеринин, ири ишкана жана заводдордун, анын ичинде жылуулук электр тармактарынын иши да түздөн-түз көз каранды.

Өндүрүш иштерине жаратылыш газы эң ыңгайлуу тандоолордун бири болуп саналат. Газ башкалардан оңой жана толук күйүшү, жогорку пайдалуу аракет коэффициенти, күйүү процессин жөнгө салуу, экономдуулугу жана транспорттоодогу жөнөкөйлүгү менен айырмаланат.

Ири ишканалар менен болгон “Газпром Кыргызстан” компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу Маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси Руслан Исмаилов ой бөлүшөт.

— “Газпром Кыргызстан” компаниясынын түптөлүшү менен өлкөдөгү газ тармагы түп тамыры менен өзгөрүлдү. Өндүрүш иштеринде ири иишканалар жаратылыш газын негизги энерго булагы катары тандап алууда. Көгүлтүр отту тандоонун негизги максаты — бул компаниянын кардарларга багытталган саясаты, газга болгон тарифти арзандатуу жана үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу мамилелери. Бүгүнкү күндө өндүрүш ишканаларынын газга кошулуу активдүүлүгү байкалууда. Бул жылы былтыркы жылга салыштырмалуу 10 эсе көп ири газ колдонуучулар кошулду. Коммуналдык-тиричилик ишканалар дагы активдүү түрдө кошулуп жатат, бул жаатта былтыркы жылга салыштырмалуу өсүш 49 пайызды түздү. Биздин филиалдардын кызматкерлеринин салымы зор, алар тарабынан өтө чоң жумуштар аткарылды жана алардын ишинин жыйынтыгында ушундай чоң көрсөткүчтөргө жетип олтурабыз.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бир нече ири компаниялар өндүрүш иштеринде экологиялык таза отунду колдонуп жатышат жана жаратылыш газына болгон объективдүү бааларын беришүүдө:

— Кант түтүк-шифер ишканасынын фиброцемент жана хризотилцемент буюмдарын өндүрүү боюнча 50 жылдык тарыхы бар. Биздин өздүк технологиялык керектөөлөр үчүн атайын котельныйларыбыз бар. Анын жардамы менен өндүрүшкө керектүү болгон бууну иштетип чыгабыз. Жаратылыш газын отун катары пайдаланабыз. Бизге газ үзгүлтүксүз берилүүдө, ушундай көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ишенимдүү өнөктөш болгон “Газпром Кыргызстан” ишканасына терең ыраазычылык билдиребиз”, — деп билдирди “Кант ТШИ” башкы директору Санжар Капаров.

Тамак-аш продуктыларын, жашылча-жемиштерди, нан жана кондитер азыктарын өндүрүүдө жаратылыш газын колдонуудагы оң натыйжасы белгиленди. Кыргызстандагы ушундай ишканалардын бири катары тез даярдалуучу кесме өндүрүүчү компанияны атасак болот:

— Биздин ишкана тез даярдалуучу кесмелерди чыгарат, алардын бири “пятиминутка” кесмеси шаардагы соода түйүндөрүндө өзгөчө суроо-талапка ээ болууда. Биздин мештер экологиялык таза отун менен иштейт. Газдын өзгөчөлүгүн атай кетсем — бул, өтө таза, эч кандай калдыктар чыкпайт жана иштөөдө ыңгайлуу”, — деп кошумчалады “Yiwu International Company Ltd-FEZ” ЖЧКсынын газ чарбачылыгынын башчысы Владимир Воробьев.

Өндүрүштө генератор газынын ордуна жаратылыш газын колдонуу мештердин өндүрүмдүүлүгүн 10–13 пайызга жогорулатат. Мындай маалымат менен “Газпром Кыргызстан” компаниясынын ири абоненти болгон “Тянь-Шань Керамик” компаниясынын жооптуу кызматкери Эркин Мамытов бөлүштү.

— Биздин компания кафель, дубал жана пол плиткаларын өндүрөт. Ишкананын иштеп баштаганына аз убакыт өткөнүнө карабастан, биз көп көлөмдө кафель плиталарын өндүргөнгө жетиштик. Бизде атайын бышырып кургатуучу мештер иштейт, алар аркылуу кафель продукциялары даярдалат жана даярдоо процесси убагында жаратылыш газын колдонуу өтө маанилүү жана эффективдүү болуп саналат. Биз үзгүлтүксүз газ менен камсыз болгонубуздун жыйынтыгында, биздин продукция токтоосуз өндүрүлүп жатат. Ушундай колдоо көрсөтүп келе жаткан газ компаниясы “Газпром Кыргызстанга” терең ыраазычылык билдиребиз.

Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: «Кабар24» маалымат-аналитикалык агенттиги