Ырысбүбү Шакулуева: Азыркы учурда кандай жумуш болбосун, аялдыкы же эркектики деп бөлүнбөйт

Газ тармагында эркектер менен бирдей эмгектенип, ишин ийгиликтүү аткарып жаткан айымдар тууралуу атайын долбоордун алкагында толугураак маек куруп, аткарып жаткан иши тууралуу маалымат бермекчибиз.

Алардын бири Шакулуева Ырысбубу өлкөнүн газ тармагында 11 жылдан бери эмгектенип, 5 баланы тарбиялап келет. Биринчи күзөтчү юолуп орношуп, кийин газ түтүктөрүн текшергич болуп которулган. Өзүнүн жумушу тууралуу Ырысбүбү Мондуевна толугураак төмөнкү маекте айтып бермекчи.

Ырысбүбү Мондуевна жумушуңуз боюнча айтып берсеңиз. Бул тармакка кантип келип калдыңыз?

Өлкөнүн газ тармагында жолдошум экөөбүз бирге иштейбиз. Беш баланын ата-энесибиз. «Югтрансгаз» филиалынын Тилкелик-эксплуатациялык бөлүмүндө газ түтүктөрүн текшергич болуп иштейм. 2008-жылы бул компанияга күзөтчү болуп ишке киргенмин. 2015-жылы күзөт кызматы жоюлгандыгына байланыштуу, аталган филиалдын Тилкелик-эксплуатациялык бөлүмүнө которулганмын. Жашаган жерибиз жумушубузга жана газ түтүктөрүнө жакын. Биздин ишибиздин эң негизги максаты — бул элге үзгүлтүксүз жаратылыш газын жеткирүүнү камсыз кылуу. Көп адамдар мага бул жумушту аялдар үчүн эмес айтышат, бирок мен андай деп ойлобойм. Себеби, азыркы учурда кандай жумуш болбосун, аялдыкы же эркектики деп бөлүнбөйт. Мындай жумушту аткарыш аялдардын деле колунан келет. Жумуштун кызыктуусу бир жерде отурбастан, газ түтүктөрүн текшерип басып жүрөбүз жана эл менен мамиле түзүп, тыгыз байланышта болобуз. Күнүгө берилген графиктин негизинде бөлүнгөн аймакты кыдырабыз, көп басабыз —бул ден-соолугубуз үчүн деле пайдалуу да.

Жумушуңуздун оор жактарын атап берсеңиз?

Биздин жумуштун эң кыйын жактары — бул кыш мезгилинде кардан, жаз-жай мезгилинде жаан-чачындан кыйналабыз. Башка убакытта андай кыйынчылыктар деле жок.

Жумуш убагында кандай кызыктуу окуялар болот?

Биздин жумуш учурунда болгон окуялар көп эле. Бир жолу газ түтүктөрүн текшерип жүргөндө көчөдө жүргөн ит кубалаган. Жаан-чачынга калып, суу болгон убактарыбыз көп.

Сиздин жумуш күнүңүз кандай башталат?

Биз эртең менен жумушка келип, диспетчерге кайсыл газ түтүктөрүн текшере тургандыгыбыз тууралуу маалымат беребиз. Кечке чейин ал газ түтүктөрүн текшерип, алардын абалы кандай, кооптуу жерлери бар же жоктугу, корголуучу зона бузулган эместиги тууралуу маалыматты кечинде кайра диспетчерди маалымдап турабыз.

Сиз газ тармагында көп жылдан бери эмгектенип келесиз. Аталган тармактын мурунку жана азыркы айырмачылыктарын атап бере аласызбы?

Газ тармагынын мурунку жана азыркы учурдагы айырмасы аябай чоң. «Газпромдун» Кыргыз Республикасынын рыногуна келиши менен талап да күчөдү, ошо менен бирге кызматкерлерге жакшы шарттар да түзүлүп жатат. Элдин газ тууралуу түшүнүгү дагы кеңейе баштады. Мындан тышкары, газ түтүктөрү өткөн аймактарга атайын белгилер орнотулууда, газ түтүктөрүнүн начар жерлери жаңыга алмаштырылып, оңдоо иштери өткөрүлүүдө. Кызматкерлерге атайын адистештирилген формалар берилүүдө. Эмгек маяналары өз убагында берилип жатат. Көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат.

Өлкөнүн газ тармагына ишке орношууна каалаган жаштар үчүн кандай кеңешиңизди бересиз?

Азыр көп адамдар газ системасында иштегенге аракет кылып жатышат, анын ичинде жаштар дагы көп. Себеби — компанияда кызматкерлерге бүт шарттар түзүлгөн. Газ тармагына ишке орношкусу келген жаштарга биринчи билим алгыла деп кеңеш берээр элем. Өз ишиңди билсең, жоопкерчилигиңди сезсең, милдеттериңди толук билсең, эч кандай кыйналбай эле иштесең болот. Жумуш көп башка адамдарга салыштырмалуу мен үчүн берилген шанс десем болот. Биз бул жумуштун аркасы менен үй-бүлөбүздү багып атабыз, башка чет жакка чыкпай өз жерибизде иштеп жатабыз. Мен өзүмдүн жумушумду сүйөм!

Эгерде сизде мүмкүнчүлүк болсо, сиз компаниянын кайсы бөлүмүндө иштегенди каалайт элеңиз?

Эгерде башка бөлүмдө иштегенге мүмкүнчүлүк берилсе, мен өзүмдүн азыркы жумушумду эле тандамакмын. Себеби, өзүмдүн жумушумду жакшы билем, жашаган жериме жакын жана ыңгайлуу.

Сизге маегиңиз үчүн чон рахмат!

Сиздерге дагы чоң рахмат.