Салкын Абдыразакова: Мурда жумуштар кол менен аткарылса, азыр бардыгы автоматташтырылды

Газ тармагында эркектер менен бирдей эмгектенип, ишин ийгиликтүү аткарып жаткан айымдар тууралуу атайын долбоордун алкагында толугураак маек куруп, аткарып жаткан иши тууралуу маалымат бермекчибиз.

Алардын бири Абдыразакова Салкын 1991-жылдан бери газ тармагында эмгектенип келет. 4 баланын энеси. «Газпром» компаниясы келгенге чейин, көпчүлүк жумуштар кол менен жасалып келсе, азыр бардык иштер автоматташтырылып, жумуш жеңилдеп калганын маалымдады.


Салкын Байызаковна өзүңүз жана кесибиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Эмнеге бул кесипти тандап алдыңыз?

Газ тармагында 1991-жылдан бери иштейм. Газ бөлүштүрүүчү станцияда иштегениме 26 жыл болду. Жумушумдун жаккан жери — биз элге үзгүлтүксүз газ берип келебиз. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын келечеги бар, ишеничтүү компания. Мен бул адистикти тандаганымдын себеби — өзүмдүн кесибиме туура келет. Электро-механика техникумун бүтүргөм. Станциядагы прибор, механизмдердин баардыгы менин кесибиме ылайыкташтырылган. Бул кесипке абдан кызыгам. Жумуштун бардыгы автоматташтырылган. Эсептегичтер, жөнгө салгычтар — бардыгы автоматика менен байланышкан.


Газ тармагына кантип келип калдыңыз?

Газ тармагында иштеп калганымдын негизги себеби — биздин Виктор деген кошунабыз бар эле, үй-бүлөлөрүбүз менен катышып турчу элек. Ал киши Германияга кетээрин айтып, силер бул жерде иштеп калгыла деп сунуштады. Газ бөлүштүрүүчү станцияда кандай иштеш керектигин үйрөтүп, баалуу кеңештерин берип кеткен. Жумушубуз өтө жоопкерчиликтүү. Компания бизди атайын адистештирилген форма менен камсыздайт, айлык маянабыз жакшы, ошондуктан мага жагат өзүмдүн жумушум.

Жумушуңуздун оор жактарын атап берсеңиз?

Биздин ишибиздин оор жактары — кээде түнкү сменде иштеп калабыз. Көп жылдан бери иштеп көнүп да калдым, режимге айланды десем болот. Шайба алмаштырганда кичине кыйынчылык болуп калат, крандарды бураганда көпчүлүк учурларда мага жолдошум жардам берет.

Сиз газ тармагында көп жылдан бери эмгектенип келесиз. Аталган тармактын мурунку жана азыркы айырмачылыктарын атап бере аласызбы?

Союздун убагында биздин газ бөлүштүрүүчү станциянын киребешиндеги басым жогору болчу, 45 атмосферага чейин чыкчы. Тез-тез жөнгө салгычтар иштен чыгып, дайыма алмаштырып турчубуз. Мындай учурларда газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында атайын байпас коюп, анан алмаштырчыбыз. Суткалык чыгымды билиш үчүн бир түндө үч жолу картаграмманы алмаштырып, кол менен цифраларды жазчыбыз. «Газпром» келгенден тартып бул процесстин бары автоматташтырылып, иштегенге оңой болуп калды. Мурда жумуштар кол менен аткарылса, азыр бардыгы автоматташтырылды.


Сиздин жумуш күнүңүз кандай башталат?

Менин жумуш күнүм сменди өткөрүп алуудан башталат. Кабыл алгандан кийин газ бөлүштүрүүчү станцияда обход жасап, газ чыккан жерлер жок экендигин текшеребиз. 1,5–2 саат сайын басымды текшерип, диспетчер менен биргеликте иштейбиз. Мурункуга караганга көп нерсе өзгөрдү, автоматташтырылды. Көп жерлер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Маянабызды убагында алабыз.

Компаниянын жаңы кызматкерлерине кандай кеңешиңизди бересиз?

Жумушка жаңы орношкон специалисттерге менин айтаарым — жоопкерчиликтүү болуш керек, ар кандай авариялык жагдайларга дайыма даяр туруш керек.


Эгерде сизде мүмкүнчүлүк болсо, сиз компаниянын кайсы бөлүмүндө иштегенди каалайт элеңиз?

Эгерде менде башка бөлүмдө иштегенге мүмкүнчүлүк болсо, диспетчер болуп иштегим келмек.

Сизге маегиңиз үчүн чон рахмат!

Сиздерге дагы чоң рахмат.