Ак-Өргө конушунун 16 минден ашык жашоочулары жаратылыш газына кошулууга мүмкүнчүлүк алышты

Бүгүн, 26-сентябрда Ак-Өргө жаңы конушундагы 3000 ашык турак-үйлөр “Газпром Кыргызстан” компаниясынын газ системасына кошулууга мүмкүнчүлүк алышты. 16,6 миңдей жашоочулар экологиялык таза отун менен камсыз болушмакчы.

Калктуу конушга жаратылыш газын берүү боюнча салтанаттуу иш-чарага: Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов, Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев жана “Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачевалар катышышты.

Өз куттуктоо сөзүндө Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев Ленин районунун 4 жаңы конушу: Ала-Тоо, Ак-Ордо, Арча-Бешие жана Ак-Өргө газдаштырылганын маалымдады. “2018-жылдын аягына чейин “Ак-Өргө” конушундагы 3 миңдей турак-үйлөр газга кошулмакчы. Бүгүнкү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм”, — деп билдирди район жетекчиси.

“Жаңы конуштун жашоочуларын куттуктайм. Бул биздин майрамыбыз — бүгүн биздин районго газ берилип жатат. Учурдан пайдаланып жашоочулардын жана шаардык кеңештин атынан “Газпром Кыргызстан” компаниясына ыраазычылык билдирем. Сиздерге рахмат Кыргыз Республикасынын жаңы райондорун газдаштырып жатканыңыздарга”, — деп маалымдады Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов.

Жашоочуларды жаратылыш газынын берилиши менен куттуктап жатып, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев газ ишканасы өлкө аймагында 4 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткандыгын жана кыска убакыттын ичинде бир топ жыйынтыктарга жетишкендигин билдирди. “Жашоочуларды үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу максатында биз эки магистралдык газ өткөргүчтөрдү курууга жетиштик. Мындан тышкары, ишкананын социалдык ишмердүүлүк багытында спорт комплекстерин куруу иштери улантылып жатат. Бүгүнкү күндө андай комплекстердин жетөөсү курулду, алардын бири Ленин районунда жайгашкан. Жакынкы аралыкта Нарын жана Жалалабат шаарларында ишке берилет. Шаардык кеңешке жана мэрияга кызматташтык үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жылуулук сезонунун алдында үйүңөрдү газ менен жылытып, ден-соолукта болууңарды каалаймын”.

“Кыргызда жакшы сөз бар: “биздин көчөдө да майрам болот” деген.Ошол күн келип, бүгүн бизде майрам болуп жатат. Газ — бул көмүргө караганда бир топ экономдуу, таза жана ыңгайлуу болуп саналат. Кыш келе жатат, мындан ары үйүбүзгү газ менен жылытып, свет жана көмүрдү үнөмдөйбүз”, — деп билдирди “Ак-Өргө” конушунун жашоочуларынын атынан куттуктаган Акматбек Артышев.

Газ өткөргүчтөрдү куруу жана газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдин жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициалык программасынын алкагында ишке ашты.

Белгилей кетчү жагдай, конушту жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп, ишке берилди. Жумуштар күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен ишке ашып, атайын норма жана стандарттардын баардык талаптарына жооп берет.

Маалымат:

2016-2017-жылдардын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан төмөнкү иштер аткарылды:

  • 400 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулуп, 20 000 турак-жайды камытган 160 000 абонент газга кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Жаратылыш газы 16 калктуу конушга берилди. Экологиялык таза отун менен Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын жашоочулары кошулду.
  • Маанилүү болгон “Бухара газ району — Ташкент — Бишкек — Алмата” магистралдык газ өткөргүчү курулуп, ишке берилди.
  • Жаңы газ бөлүштүрүүчү станциясы “Сокулук” жаңы салынып, ишке берилди.
  • Ленинский айылындагы автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясы реконструкциядан өткөрүлдү.
  • Стратегиялык маанидеги объекттер курулуп бүткөрүлдү: борбордук аппараттын жаңы кеңсеси, окутуу-өндүрүштүк борбору, Токмок шаарындагы өндүрүштүк участогунун кеңсеси.
  • Дагы бир маанилүү объект: Казакстан Республикасына транспорттолуучу газды эсепке алуучу “Чүй” эсептегич түйүнү.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн 30% жаратылыш газы менен камсыз болгон. Ал эми “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы болуп, Кыргыз Республикасын газдаштырууну 2030-жылга чейин, азыркы 30%дан 60%га чыгаруу болуп эсептелет.

Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: Информационное агентство Кабар24