“Көлмө” конушунун тургундары жаратылыш газы менен камсыз болушту

Кечээ Бишкек шаарынын “Көлмө” конушунун жергиликтүү тургундары көгүлтүр оттуу болушту. Натыйжада конушта жашаган үч миңге жакын жарандардын үйүнө экологиялык жактан таза жаратылыш газы киргизилди.

Жалпы узундугу 12 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн долбоорлоо жана курулуш жумуштарына жумшалган каражат 33 миллион сомго жетти. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: Биринчи Радио