Өлкөнү газдаштыруу боюнча программа кандай жүрүүдө?

23-июнда “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров Биринчи радиодо өткөн түз эфирге катышып, радио угуучулардын суроолоруна жооп берди.

Түз эфир учурунда берилген актуалдуу суроо-жоопторду төмөндө сунуштайбыз.


— Саламатсызбы, Арзымат мырза. 2016-жылдан бери жаңы конуштарды газдаштыруу иштери жүргүзүп жатат. Компаниянын инвестициялык программасында газдаштыруу долбоорунан тышкары, дагы кандай ири долбоорлор каралган? Ошолор боюнча кыскача маалымат бере кетсеңиз.

— Саламатсыздарбы. 2014-жылы “Газпром Кыргызстан” компаниясы уюшулуп, Кыргыз Республикасын үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыздоо боюнча милдеттерди алган. Андан тышкары дагы социалдык программалар бар. 2016-жылдан баштап Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды газдаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 10 жаңы конуш газдаштырылып, көгүлтүр от берилди. Жалпысынан узундугу 50 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөр орнотулду, аны менен бирге 2500дөй турак-үйлөрдүн газга кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

— Ал эми 2017-жылы кайсы конуштарга газ киргизилет?

— 2017-жылы Бишкек шаары, Чүй жана Ош облустары боюнча 350дөй чакырым газ өткөргүчтөр курулат. Жылдын аягы менен 20миңге жакын турак-үйлөргө газ бериле баштайт. Бишкек шаары боюнча 9 конуш,Чүй облусу боюнча 5 конуш жана Ош облусу боюнча Жапалак деген айыл газдаштырылат.

— Сокулук районунун жашоочусу болом. Сокулукта чоң магистралдык газ өткөргүчү өтөт. Бизде Жыламыш, Биринчи май, Төш-Булак айылдары газдаштыруу планына киргенби?

— Сурооңузга рахмат. Компаниянын 2017-2018-жылдардагы планында Сокулук району киргизилген. 2018-жылдын аягына чейин 50 чакырымга жакын газ өткөргүчтөр тартылат. Сиз айткан айылдар дагы газдаштырылат. 1–2 жылдын ичинде республиканын баардык аймактарын газдаштыруу мүмкүн эмес. Акырындык менен газдаштырылат.

— Айтсаңыз, жаңы газ өткөргүчтөрү курулуп жатабы же мурунку эски өткөргүчтөрдү оңдоп, колдонуучуларга газ берип жатасыздарбы?

— Газпромдун Кыргызстандын рыногуна киргенден кийин, республиканын газ тармагын текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Россиядан атайын адистер келип, аудит өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн газ инфраструктурасынын эскилиги жеткени аныкталган. Газ өткөргүчтөрдүн кээ бир жерлерин, газ жабдыктарды модернизациядан өткөрдүк. Жаңы газ өткөргүчтөрдү да куруп жатабыз. Азыркы учурда эски магистралдык газ өткөргүчтөрдү диагностикадан өткөрүп, модернизациялоо иштерин да жүргүзүп, жаңы магистралдык өткөргүчтүн курулуш иштерин дагы жүргүзүп жатабыз.

— Шаардын Ахунбаев, Баха, Репина көчөлөрү жайгашкан борбордун чок ортосунда турабыз. Ушул район качан газдаштырылат? Планда барбы?

— Сурооңузга чоң рахмат. Сиз жашаган районду изилдеп жатабыз. Газдаштырыла турган райондорду бизге жергиликтүү органдар беришкен. Ошонун негизинде биз газдаштыруу иштерин баштаганбыз. Ал эми эмне үчүн жаңы конуштар биринчи газдаштырылып жатат деген маселе боюнча айтсам, көп конуштарда свет, газ, канализация, суу маселеси абдан актуалдуу. Ошого байланыштуу мэрия ошол конуштарды газдаштыргыла деп сунуш киргизкен. Шаардын ортосунда газдаштырылбай калган аймактар да бар. Азыр изилдөө иштерин баштадык. Кийинки жылдын долбооруна шаар ичиндеги газдаштырылбай калган райондорду киргизебиз.

— Саламатсыздарбы. Ак-Ордо жаңы конушу газдаштырылабы?

— Ак-Ордо жаңы конушу 2018-жылга киргизилген. 67 чакырымдай газ өткөргүч курулат.

— Новопавловка айылы шаарга жакын жайгашкан. Биздин айылда газ жок. Планга киргенби?

— Новопавловка айылы боюнча айтсам, бул айыл 2017-2018-жылдардагы пландарда жок. Бул айыл Бишкек шаарына эмес, Чүй облусунун Аламүдүн районуна карайт.Чүй облустун администрациясы менен иштеп жатабыз. Алар изге газдаштырыла турган райондордун тизмесин берип жатышат. Ошол тизмеге кошконго аракет кылабыз.

— Биз Арча-Бешик конушунда жашайбыз. Биздин конушта газдаштыруу иштери башталды. Азыр жумушчулар газ өткөргүчтөрдү орното башташты. Жылдын аягына чейин газ берилип калабы?

— Арча-Бешик конушунда иштер башталды. Сиздердин конуш абдан чоң. 150 чакырымдай газ өткөргүчтөр тартылат. Бул конушту 1 жылдын ичинде бүтүрүп, газды берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бул кийинки жылга өтүүчү объект болуп саналат. Бүткөн бөлүктөрүнө газ бере баштайбыз.

— Түндүк-түштүктү бириктирүүчү газ өткөргүчүнүн курулуш иштери качан башталат?

— Ал өткөргүчтүн долбоору каралып жатат. Изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

— Нарын облусу дагы газдаштырылат деп айтылды эле. Ал иштер качан башталат? Ошондой эле газ Казакстан аркылуу келип жатат. Баалар өсүп кетпейби?

— Нарын облусуна газ өткөргүчтөрдү куруу боюнча пландарыбыз бар.Мурун союз убагында башка технология эле. Азыр суюлтулган жаратылыш газы деген жаңылык пайда болду. Нарын шаарына газды сактоочу жана бөлүштүрүүчү жайды курабыз. Андан ары газ өткөргүчтөр аркылуу газ колдонуучуларга жеткирилет. Ал эми баалар тууралуу айтсам, азыркы тариф өзүн-өзү актабай жатат. Биз сарптаган каражаттарды тариф актай албай жатат. Бирок, тарифти жогорулатуу тууралуу планыбыз жок. Тескерисинче, газдын сатуу көлөмүн жогорулаталы деп жатабыз. Элдин тапкан кирешесин дагы эске алып жатабыз.

— Биз азыр газды Казакстан менен Өзбекстандан алабыз. Биздин өлкөдө өзүбүздүн газдын запастары барбы?Ошону геологиялык чалгындоого мүмкүнчүлүктөрүнөр барбы? Изилдеп көрдүнөрбү? Касы жерден чыгат экен, канча көлөмдө?

— Союз убагында газдын изилденген көлөмдөрү бар экен. Изилденген жерлерден көбү өлкөнүн түштүгүндө экен. Изилдөө иштерин өткөрүү чоң каражатты талап кылат. Аны биздин өкмөттүн өткөргөнгө каражаты жок. Газпром тарабынан ошол жумуштар өткөрүлүп жатат. Түндүк-түштүк газ өткөргүчүн курууга абдан чоң каражат кетет экен. Ошол каражатты биз геологиялык чалгындоо иштерине жумшап, өзүбүздүн газды өндүрөлү деген пландар бар.

— Сиздердин компания социалдык объектилерди дагы куруп келгендигин билебиз. Бир нече спорт комплекстер дагы курулуп, ишке берилди. Быйыл андай объекттердин дагы канчасы курулат?

— Биздин социалдык программага эң биринчи кезекте биз тариф саясатын киргизсек болот. Азыркы тариф биздин компаниянын чыгымдарын толук жаба албай жатат. Чоң “Газпром” тарабынан дотациялык субсидия болуп жатат. Орточо эсеп менен 1 млрд. сомдон ашык каражат дотацияланып жатат. Экинчиси, бул сиз айтып кеткен спорт комплекстери. 2015-2016-жылдары биз республика боюнча 7 комплекс куруп, ишке бердик. Быйыл эки спорт комплексти куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кайсыл аймактарга курулаары азырынча белгисиз.

— Республикадагы айрым эксперттер “Газпромдун” ишине күмөн санап жатышат. Республиканын түштүгүнө газ түтүктөрү курулаарына күмөн санап жатышат. Бул суроого кандай жллп бересиз:

— Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында магистралдык газ өткөргүчтөрдү куруу боюнча пландар бар.

— Маалым болгондой, “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан газдаштыруу иштерин жүргүзүүдө кээ бир иштерге төлөм акысы алынып салынды, айрымдарына баалар арзандатылды деп айтылды эле. Ошого жооп берип койсоңуз?

— Газдаштыруу иштери башталганда, биз Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдүк. Ал жерде баалар тууралуу маселелер көтөрүлгөн. Орнотуу, пускналадка, эскизди иштеп чыгуу жана макулдашуу иштерине төлөм акысын алып салдык. Мындан тышкары газ өткөргүчтү орнотуудагы курулуш-монтаждык иштердин төлөм акысын да арзандаттык. Мындай иштердин баары элге жеңилдик болсун деп жасалып жатат.

— Көк-Жар, Ак-Өргө, Ала-Тоо жаңы конуштары качан газдаштырылат?

— Аталган конуштар 2017-2018-жылдардагы программана киргизилген. Азыр куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул конуштар чоң болгондуктан, иштердин бир бөлүгү быйыл бүткөрүлсө, калганы кийинки жылы бүткөрүлөт.

Газдаштыруу учурунда кандай көйгөйлөр пайда болуп жатат. Мисалы, газга кошулуп алып акчасын төлөбөй койгон учурлар болобу?

— Ооба, андай көйгөйлөр бар. Ар бир үйдүн суммасы ар кандай болууда. Мисали, бир үйдүкү 20 миң сом болуп кетти. Аны төлөш кээ бири үчүн кыйын эле. Ошого байланыштуу, биз “Бай-Түшүм” банкы менен гранттык насыя берүү программаларын иштеп чыктык.

— Шаардын кээ бир райондорунда газ жок. Бул оңдоо иштерине байланыштуубу же дагы башка себептери барбы?

— Азыркы итшеп жаткан газ өткөргүчтөр мындан 40 жыл мурун курулган. Көбү эскирип, бүгүнкү күндө оңдоону талап кылууда. Ошогой байланыштуу убактылуу өчүрүү иштери болуп жатат. Элдин коопсуздугу үчүн жасалып жатат мындай иштер.

— Бишкек шаарында көбү үйлөрүн көмүр менен жылытышууда. Бул экологияга өтө терс таасирин тийгизүүдө. Ушундай абалдан чыгуу үчүн Бишкек шаарын жана жаңы конуштарды толук качан газдаштырып бүтөсүнөр?

— Абдан актуалдуу теманы көтөрүп жатасыз. Экология — бул өтө чоң маселе. Көмүр жагуунун жыйынтыгында шаарда ар кандай оору менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгын врачтар дагы белгилеп келишүүдө.Ушунун баарын эске алып, жаңы конуштарды газдаштыра баштадык. Аларда борбордук жылытуу система жок, кээ биринчи электр энергиясы дагы жок. Анан алар айла жок көмүр менен жылытып жатышат.

— Өкмөттөр аралык түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелер кандай деңгээлде аткарылып жатат?

— Өкмөттөр аралык түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелер толук деңгээлде аткарылып жатат. Социалдык программалар, газдаштыруу программалары дагы ишке ашып жатат. Келишимде көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен берилип жатат.

— Канча суммадагы инвестиция тартылды?

— Келишимде 2030-жылга чейин 20 млрд. рубль өлчөмүндө инвестиция тартылат деп көрсөтүлгөн. Бул каражаттан багыттуу жумшалып жатат.

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Таалайгүл Сыдыкбекова, башкы редактор.