Миллиард рублдик мектеп. «Газпром» салган мектептин ичи-тышы видеодо

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы «Газпром» ишканасы курган мектепти көрүп, анын тегерегинде жүрүп жаткан бир катар суроолорго жооп алды.


«Газпром» ишканасы курган мектеп Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү Асанбай кичи району тарапта, тоого жакын жайгашкан. Калаада азырынча мындай мектеп курула элек болсо керек. Алыстан заңгырап дароо көзгө урунат.


Инновациялык техника менен жабдылган мектеп

Заманбап окуу бөлмөлөрдүн дээрлик бардыгы инновациялык техника менен камсыздалган. Башталгыч жана чоң класстарга деп бир эмес эки бассейн курулса, аскага чыгууну каалагандар үчүн атайын жасалма аска да орнотулуптур. Эгер мектеп «Газпром» ишканасынын карамагына кайрадан өтө турган болсо, анда бул жакта дене тарбия сабагын мугалимдер эмес, дасыккан спортчулар окутат. Билим уясын курууга бир миллиарддан ашык рубль сарпталган.


Өлкөдө жок обсерватория, майыптарга түзүлгөн шарт

«Газпром» ишканасынын коммерциялык жетекчиси жана башкы директордун кеңешчиси Арзымат Алдаяровдун айтымында, мектеп балдарга физика-математикалык, химия-биологиялык жана маалымат-технологиялык болуп үч багытта билим бермекчи.


«Мектептин өзүнүн обсерваториясы болот. Андай обсерватория Кыргызстан боюнча жок», — деди Алдаяров.

Билим берүү жайын курууда майыптыгы бар балдар да эске алынган. Кире бериштерде пандустар орнотулуп, атайын ажаткана, лифттери да бар экен.



Мектеп жеке менчик болобу же муниципалдыкпы?

Мектеп курулуп баштагандан бери калаа тургундарын кызыктырган ушул суроо болсо керек. Билим уясы салынып баштаганда тараптардын сүйлөшүүсү менен мектеп муниципалдык болот деп чечилген. Келишимдин негизинде мектеп 24-июнда мэриянын карамагына өткөрүлгөн. Азыркы тапта ал муниципалдык мекеме экенин «Газпром» ишканасынын коммерциялык жетекчиси Арзымат Алдаяров айтты. Бирок мектепти камсыз кылуу жана анын жылдык чыгымы көп болгондуктан, «Газпром» ишканасы өкмөт жана мэрияга мектепти кайрадан алардын карамагына коомдук фонд катары өткөрүп берүү сунушу менен кайрылыптыр.



«Азыркы тапта бул маселени мэрия, өкмөт карап жатат. Эки жуманын ичинде чечилип калат деп күтүп жатабыз. Мектеп инновациялык жабдуулар менен камсыздалып жылдык чыгымы көп болгондуктан, аны коомдук фонд катары өткөрүп берүүнү сунуштап жатабыз. Эгер коомдук фонд болсо, балдардын төлөгөн акчасынан түшкөн каражат окуу жайды негиздеген компаниянын чөнтөгүнө эмес, мектептин өзүнө жумшалат. Жылдык чыгымын эсептеп көрсөк 170 миллион сомдон ашык акча кетет экен. Коомдук фонд катары кайрадан өз карамагыбызга алсак, мектепке акы төлөп окуш керек болот. Анда баасы айына бир балага 22 миң сомду түзмөкчү», — деди Алдаяров.

Балдар мектепке кандай негизде тандалат?


Алдаяров эгер мектеп кайрадан «Газпром» ишканасынын карамагына өтө турган болсо, 15-июлдан баштап ишкана электрондук каттоо ачарын айтты.

«Электрондук каттоодон өткөндөн кийин электрондук тестирлөө жүргүзөбүз. Андан өткөн балдар бул жакта окуй баштайт. 75 пайыз бала акы төлөп окуса, мэрияга 25 пайыз квота берүү каралып жатат. Бул 25 пайыздын 10 пайызы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына, 10 пайызы майыптыгы бар окуучуларга жана 5 пайызы олимпиада жеңүүчүлөрү, мектепте артыкчылык менен окуган балдарга берилет. Башкача айтканда, аталган 25 пайыздын ичиндеги балдар мектепте акысыз билим алышмакчы. Бирок алар да электрондук каттоо, электрондук тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат», — деди Алдаяров.



Мектепти аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө Кыргызстанда жана Россияда жарай турган эки өлкөнүн аттестаты берилмекчи.




Мугалимдер кандай негизде тандалат?

Мектепте иштей турган мугалимдер, окутуучулар атайын сынактын негизинде кабыл алынат. Алдаяровдун айтымында, бул жакта педагогдордун алган айлыгы 30 миңден кем болбойт.


Автор: Спутник маалымат агенттиги

Источник: Спутник маалымат агенттиги