Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушту

Нарын облусу келечекте илимдин, маданияттын борбору болуп, республикада өнүккөн облсутардын катарын толукташ керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облсунун эли менен жолугушкан учурунда билдирди. Дубанга жасаган иш сапарынын алкагында өлкө башчысы «Газпром Кыргызстан» компаниясынын каржылоосу менен курулган ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышына катышып, ага катар УКМКнын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.

Нарын шаарынын Ак-Коргон кичи району. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерлери үчүн көп кабаттуу үй мына ушул жерде курулган. Үй ээлери, алардын туугандары жана жакындары таң эртелеп чогулуп, майрамдык салтанатка даярдык көрүштү.

Нурлан Эралиевдердин үй бүлөсү үчүн да бүгүн өзгөчө күн. Жылдап күткөн кыялдары орундалып, 2 бөлмөлүү жаңы, жеке батирге ээ болуп отурушат. Нурлан өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 15 жылдан бери эмгектенет. Келинчеги, 3 кызы менен ошол кезден бери ижарага батир алып жашап келген.

Мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берилип жатканын мында келген туугандары да кубануу менен кабыл алышты. Өз үйүң өлөң төшөгүң демекчи, эми үй бүлө үчүн да санаа тынч, мекен үчүн кызмат кылууга да чоң дем күч болмокчу.

Кызыл тасма кесилип турак жай ачылган сон, өлкө башчысы батирлердин ичин карап чыкты. Бөлмөлөрдүн ичи кенен, жылуу. 3 бөлмөлүү батир 81 чарчы метр болсо, 2 бөлмөлүу 66, ал эми 1 бөлмөлүүсү 46 чарчы метрди түзөт. Жабдуулардын бардыгы жаңы, заманбап жасалган.

Мына ушундай эле көп кабаттуу, 24 батирлүү турак жай бүгүн Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облустук башкармалыгын кызматкерлерине да тапшырылды. Салтанаттуу аземге президент Сооронбай Жээнбеков катышып, үй ээлерин жаңы конушу менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана УКМКнын көп кабаттуу үйлөрүнө президенттин атынан 200 мин сомдук сертификаттар тапшырылды.

Нарында жаштардын көбү мектептердин, спорт комитетинин залдарында машыгып келишкен. Тиешелүү шарттардын жоктугунан толук кандуу машыгууга мүмкүнчүлүк аз.

Спорттун түрлөрү менен машыккан жаштар да жаңы спорт комплексинин ачылышын чыдамсыздык менен күтүшкөн. Алар алгачкы машыгууларына бүгүнтөн тарта баштап, мындан ары республикалык деңгээлдеги оюндар өтмөкчү.

Президент Сооронбай Жээнбеков спорт комплекстин ачылыш салтанатына катышып, шаардыктарды ден соолукту чындоо борборунун ачылышы менен куттуктады. Өлкө башчысы имараттын ачылышы жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, келечекте дүйнөгө белгилүү чемпиондор өсүп чыгат деген ишеничин билдирди.

Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо борбору республика аймагында сегизинчи имарат болуп калды. Президент “Газпром Кыргызстан” компаниясы менен биргеликте алдыда ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу айтып берди.

Кызыл тасма кесилген соң президент спорт комплекстин ичин көрүп чыкты. Абдан сапатуу, бардык керектүү шарттар түзүлүп, заманбап шаймандар менен жабдылганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна бул жылы экинчи жолу келип отурат. Жыл башында Жумгал районунун эли менен жолугушуп, ошондо аймактарды өнүктүрүү жылы жарыяланган. Нарын шаарына жасаган иш сапарында анын алкагында жасалып жаткан жумуштар, алдыдагы пландар тууралуу кеңири сөз болду.

Автор: Президент КР

Источник: Общественная телерадиокорпорация КР