Арча-Бешик конушунун 3200дөн ашык тургуну жаратылыш газы менен камсыз болот

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 6000 ашык турак-үй жаратылыш газына кошулду. 32,1 миңге жакын жашоочулар экологиялык таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Калктуу конушга жаратылыш газын берүү боюнча салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров жана Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачевалар катышышты.

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев “Арча-Бешик” жаңы конушунун тургундарын куттуктап, узундугу 146 чакырымды түзгөн газ өткөргүчтөрдү орнотуу иштеринин биринчи этабы бүтүп жатканын маалымдады. “6000 миңден ашык турак-үйлөргө газ кирип жатат. Биз үчүн бул өтө чоң кубаныч. 2018-жылдын башынан тартып Бишкек шаарынын Ленин району боюнча 3 конушга газ киргизилди. Буга чейин “Ала-Тоо” жана “Ак-Ордо” конуштарына газ жетсе, бүгүн “Арча-Бешикке” жетип отурат. Жылдын аягына чейин “Ак-Өргө” конушуна газ кирет. Өзүмдүн жана Ленин районунун жашоочуларынын атынан “Газпром Кыргызстан” компаниясына ыраазычылык билдирем. Газдын келиши менен тургундардын жашоосц бир топ жеңилдемекчи. Мурда үйдү көмүр менен жылытып келсек, газдын келиши менен үйдү гана жылытпастан, тамак-аш даярдасак болот”, — деп билдирди Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев.

“Арча-Бешик” жаңы конушунун тургундарын куттуктайм. Мындан эки жыл мурун бул конуштун тургундарынын арасында газга кошулуу боюнча атайын сурамжылоо өткөргөнбүз. Ошондо көбүңуздөр сурагансыздар, газ чын эле болобу же жокпу деп? Шектенүү менен карагансыздар. Биз сөзсүз газ болот, күтө туруңуздар деп айттык эле. Мына эми бүгүн баардык иштер бүткөрүлүп, газ берип отурабыз. “Газпром Кыргызстан” компаниясы Кыргыз Республикасын газдаштыруу боюнча алган милдеттерин толук аткарып жатат. Жаратылыш газы — бул экологиялык жактан таза, экономдуу отун болуп саналат. Баарыңыздарды газга өтүүгө чакырабыз. Жакынкы күндөрү биз газга кошулуудагы төлөмдү 6 айга бөлүп төлөө боюнча атайын программаны ишке киргизгены жатабыз”, — деп кошумалады “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров.

“Баарыңыздарды куттуктаймын! Сиздердин да конушуңуздарга экологиялык таза, комфортабелдүү жылуулук булагы келип отурат. Жаңы абоненттер пайда болгону үчүн абдан ыраазыбыз”, — деп маалымдады “Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачева.

Газ өткөргүчтөрдү куруу жана газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасынын жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициалык программасынын алкагында ишке ашты. Белгилей кетчү жагдай, конушту жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп, ишке берилди. Жумуштар күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен ишке ашып, атайын норма жана стандарттардын баардык талаптарына жооп берет.

Маалымат:

2017-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан 2017-жылдагы инвестициялык программасы толугу менен аткарылды:

  • 450 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулып, 20 000 турак-жайды камытган 160 000 абонент газга кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Жаратылыш газы 16 калктуу конушга берилди. Экологиялык таза отун менен Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын жашоочулары кошулду.
  • Маанилүү болгон “Бухара газ району — Ташкент — Бишкек — Алмата” магистралдык газ өткөргүчү курулуп, ишке берилди.
  • Жаңы газ бөлүштүрүүчү станциясы “Сокулук” жаңы салынып, ишке берилди.
  • Ленинский айылындагы автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясы реконструкциядан өткөрүлдү.
  • Стратегиялык маанидеги объекттер курулуп бүткөрүлдү: борбордук аппараттын жаңы кеңсеси, окутуу-өндүрүштүк борбору, Токмок шаарындагы өндүрүштүк участогунун кеңсеси.
  • Дагы бир маанилүү объект: Казакстан Республикасына транспорттолуучу газды эсепке алуучу “Чүй” эсептегич түйүнү.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн 30% жаратылыш газы менен камсыз болгон. Ал эми “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы болуп, Кыргыз Республикасын газдаштырууну 2030-жылга чейин, азыркы 30%дан 60%га чыгаруу болуп эсептелет.

Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: Информационное агентство Кабар24