Көк-Жарга көгүлтүр от келди

Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунун тургундары жаңы жылды жаратылыш газы менен тосо турган болду.

29-декабрда Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушуна жаратылыш газы берилиши менен 12,5 миңге жакын калк экологиялык таза отун менен камсыз болду. Аталган конушка көгүлтүр от киргизилишинин урматына чакан салтанат уюштурулуп, ага Бишкектин Октябрь райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Салтанат Жумашова, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров жана “Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачева баштаган расмий өкүлдөр катышты.

Көк-Жар конушунун жашоочуларын бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Эки жыл аралыгында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында 100 чакырымдан ашык газ өткөргүчтөр курулуп, 20 миңден ашык турак-жай газга кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 2018-жылы мындан да көп газ өткөргүчтөр курулмакчы. 2017-жыл көптөгөн чоң объектилердин курулушу менен эсте калды: бир гана Кыргызстан үчүн эмес, ошондой эле Борбордук Азия үчүн чоң мааниге ээ болгон магистралдык газ өткөргүчтүн жана газ бөлүштүрүүчү станциялардын курулушу. Газдаштыруу иштери бир гана Чүй облусунда гана эмес, ошондой эле Ош облусунда дагы жүрүп жатат. Мындан тышкары “Газпром — балдарга” программасынын алкагында спорт комплекстери дагы курулууда. 2018-жылы Нарын жана Жалал-Абат облустарында дагы спорт комплекстери ишке берилет. 2019-жылы Бишкекте жалпыга билим берүүчү мектеп дагы ишке берилгени турат, — деп билдирди “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров бул салтанаттагы куттук сөзүндө.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Салтанат Жумашова “Газпром Кыргызстан” компаниясы узап бараткан жылда райондогу эки конушту көгүлтүр от менен камсыз кылганын белгилей кетти:

— Буга чейин Кара-Жыгач конушуна газ берилсе, бүгүн Көк-Жар конушунун жашоочуларына берилип отурат. Бул көптөгөн жеиңилдиктерди алып келет, башка энергия булактарына караганда газ менен үйдү жылытуу бир топ эсе арзан. Мындан ары бизге үйүбүздү жылуу кармаганга эч ким тоскоолдук кыла албайт.

“Бишкекгаз” филиалынын директору Ирина Дергачева да конуштун калкын куттуктады:

— Жаңы жыл алдында сиздерге газ берип отурабыз. Аябай кубанычтабыз, жаңы жылды сиздер эми газ менен тососуздар. Бул иштердин баары “Газпромдун” жардамы менен жасалууда.

Бул саамалыкка сүйүнгөн жаңы конуштун бир тургуну Кубат Көчөров: “Биздин конуштун жашоочулары үчүн жакшы жаңылык болуп жатат. Сиздер жаңы жылдын алдында жакшы белек тартууладыңыздар. “Газпром Кыргызстан” компаниясына Көк-Жар элинин атынан рахмат айтам. Сиздерге чоң рахмат кыска убакыттын ичинде газ бергениңиздерге”, деп ыраазычылык айтса, дагы бир жашоочу Абдыбек Албеков газга байланышкан мурдагы кыйынчылыктарды эске салды:

Кошуна өлкө дал жаңы жыл алдында биздин мамлекет үчүн газды өчүрүп койгон учурлар болгон. Биз дайыма жаңы жылдын алдында тынсызданчубуз, дагы качан газды өчүрүп салат деп. Эми “Газпромдун” келиши менен мындай көйгөй чечилди.

Газ өткөргүчтөрдү куруу жана газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасынын жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашты. Жалпы узундугу 60,8 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы 200 млн. сомду түздү.

Конушту жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп, ишке берилди. Жумуштар күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен ишке ашып, атайын норма жана стандарттардын бардык талаптарына жооп берет.

Маалымат:

2017-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан ушул жылдагы инвестициялык программасы толугу менен аткарылды:

· 350 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулуп, 20 000 турак-жайды камтыган 100 000 абонент газга кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Жаратылыш газы 15 калктуу конушка берилди. Муну менен Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын мурда газ жетпеген бир катар аймактарынын жашоочулары көгүлтүр от менен камсыз болду.
· Маанилүү болгон “Бухара газ району — Ташкент — Бишкек — Алматы” магистралдык газ өткөргүчү курулуп, ишке берилди.
· Жаңы газ бөлүштүрүүчү “Сокулук” станциясы курулуп, ишке берилди.
· Ленин айылындагы автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясы реконструкциядан өткөрүлдү.
· Стратегиялык маанидеги объекттер курулуп бүткөрүлдү: борбордук аппараттын жаңы кеңсеси, окутуу-өндүрүштүк борбору, Токмок шаарындагы өндүрүштүк участогунун кеңсеси.
· Дагы бир маанилүү объект: Казакстан Республикасына транспорттолуучу газды эсепке алуучу “Чүй” эсептегич түйүнү.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн 26% жаратылыш газы менен камсыз болгон. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы — Кыргыз Республикасын газдаштырууну 2030-жылга чейин азыркы 26 пайыздан 60 пайызга чыгаруу.

Автор: ОсОО «Газпром Кыргызстан»

Источник: «Кабар24» маалымат-аналитикалык агенттиги